«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Сузак районунун баш имам-хатиби Нематулла ажы Жээнбеков район аймагындагы 8 айыл өкмөт жана 1 шаардык аймактын жооптуу имамдарына алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынан (КМДБ) келген бир катар буйрук, тапшырмалар имамдарга тааныштырылып, алардын аткарылышы боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Атап айтканда, кирип келе жаткан ыйык Рамазан айына даярдык көрүү маселеси көтөрүлүп, таравих намаздарында окулуучу катмы Куран Муфтият тарабынан белгиленген тартипке ылайык, бардык мечиттерде бирдей усулда окулушу керектиги эскертилди.
Ошондой эле район аймагындагы бардык мечиттерде өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдын алуу иш-чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул багытта атайын адистердин жардамы менен мечиттердеги электр шаймандарын, жылытуу системаларын, дааратканадагы ысык суу үчүн колдонулган “Аристон” жабдууларын текшерүүдөн өткөрүү жана өрт өчүрүүчү жабдууларды (пожарный щиттерди) толуктоо зарылдыгы белгиленди.
Мындан сырткары, мечиттердин киреше-чыгаша маселесин бухгалтердик талаптарга ылайык жүргүзүү, каржылык тартипти так сактоо ар бир имамдын жоопкерчилигинде экендиги баса белгиленди.
Жыйын соңунда баш имам-хатиб Нематулла ажы Жээнбеков жүктөлгөн милдеттерди так жана өз убагында аткаруу ыйык Рамазан айын жогорку деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, имамдарга ийгилик каалады.