Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Талас облусунда облустук казыят «Энелер жүрөгү, Энелер тилеги» фонду менен бирге «Эне – бул тарбия башаты» темасында аялдар форумун уюштурду.
Иш-чарага Талас облусунун казысынын орун басары Рысбек ажы Кокумов, коомдук фонддун мүдүрү Сардал Маматкеримова жана коноктор катышты. Форумду казыяттын орун басары Рысбек Кокумов «Аялдардын коомдогу орду» темасында кеңири баяндамасы менен ачып берди.
Андан соң фонддун мүдүрү Сардал Маматкеримова «Эне – бул келечек» аттуу баяндамасын жасап, аялдардын тарбиядагы жана коомдогу орду тууралуу маанилүү ойлорду ортого салды. Катышуучулар кызыктуу суроолорун берип, жакшы маанайда ачык диалог жүрдү.
Иш-чаранын негизги максаты – үй-бүлөлүк жана коомдук биримдикти чыңдоо, ынтымакты бекемдөө, салттуу баалуулуктарды жайылтуу жана жакшылыкка үндөө экендиги белгиленди. Ошондой эле форумдун алкагында “Ясин, Мүлк” сүрөлөрү боюнча облустар аралык сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Алдыңкы орундарга ыйгарылган Умра сапарларынын сертификаттары Чүй облусунан Фатима Абил кызына жана Баткен облусунан келген Малоха Ташхожаевага тапшырылды. Калган катышуучуларга да кызыктуу белектер тартууланды.