Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 10.10.2025
  • |

Талас казыятында мыйзам талаптары жана диний ишмердик боюнча жыйын өттү

Талас облусунун мусулмандар казыятында Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарын сактоо жана дин кызматкерлерине кеңири жеткирүү максатында жыйын болуп өттү. Иш-чара дин кызматкерлеринин укуктук маданиятын жогорулатуу жана диний уюмдардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо максатында уюштурулду. 

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов, Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, казыят кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын бөлүм башчылары жана баш имам-хатибдер, имамдар, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышты. 

Баяндамачылар өз сөздөрүндө диний бирикмелердин жана дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдык жоболор тууралуу кеңири маалымат беришип, мыйзамдын талаптарын бузбоо жана коомдук тартипти сактоо маанилүү экендигин белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө Талас облусундагы бардык мечиттердин жана диний окуу жайлардын имараттары, короолору, аянттары жана башка объекттерин шайлоо алдындагы үгүт иштерине, саясий жыйындарга же башка мүнөздөгү иш-чараларга колдонулбашы керектиги эскертилди. 

Жыйындын соңунда Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев жыйындын катышуучуларына мыйзамдын талаптарын так сактоо, дин менен саясатты аралаштырбоо ар бир диний кызматкердин жоопкерчилиги экендигин дагы бир жолу эскертип өттү.