Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 29.09.2025
  • |

Талас казыятынын жамааты облустагы борбордук мечиттин курулушу менен таанышты

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана казыят өкүлдөрү курулуштун жүрүшүн жеринде көрүп, учурдагы абалы боюнча толук маалымат алышты. Учурда мечиттин жер төлөөсү жана биринчи, экинчи кабаттарынын курулуш колонналары тургузулуп, үчүнчү кабаттагы иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык казыяттан маалымдашты.

Зыяраттын жүрүшүндө Сулумбек ажы мечиттин курулушу — бул жалпы коомчулук үчүн чоң мааниге ээ болгон иш экенин белгилеп, Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн жасалып жаткан бул иштин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлөрүнө ишеним билдирди. Ошондой эле курулушта эмгектенип жаткан жалпы курулушчуларга ийгилик каалап, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Мечиттин курулушуна жергиликтүү калктын жана кайрымдуу адамдардын кошкон салымдарына терең ыраазычылык айтып, мындан ары да бул ыйык ишке жардам берем дегендер үчүн эшик ар дайым ачык экенин белгиледи.
Борбордук мечит бүтүндөй облус аймагындагы мусулмандар үчүн руханий байлык, ибадат кылуу жайы жана ошондой эле Талас облус аймагына арихитектуралык жактан кооз имарат болмокчу.