Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Талас жана Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын делегациясы Ош шаардык казыятына зыярат жасады. Зыяраттын алкагында үч тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, диний билим берүү, коомдук иштер жана диний кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча пикир алмашуулар болду.
Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Талас облусунунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров үч казыяттын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле, диний кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, жаштар арасында руханий тарбияны күчөтүү жана диний сабаттуулукту арттыруу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды. Зыяраттын жүрүшүндө Талас жана Баткен облустук казыятынын өкүлдөрү Ош шаарындагы диний мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алмашуу максатында бир нече мечиттерди жана медреселерди кыдырып чыгышты.
Бул жолугушуу үч казыяттын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүп, Кыргызстандагы диний мекемелердин биримдигин жана өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоого өбөлгө түзмөкчү.