Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында райадминистрациянын жыйындар залында «Экстремизм жана улуттар аралык кастыкты козутуу» темасында форум болуп өттү.
Иш-чарада Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев экстремизм, улуттар аралык кастык жана туура эмес жамааттардын зыяндуу таасири тууралуу баяндама жасап, туура багыт – Ахли сунна уал жамааттын жолун кармануу зарылдыгын белгиледи. Ал туура эмес жамааттар көбүнчө дин илиминен кабарсыз болгондон келип чыгарын айтып, салттуу багытыбызды үйрөнүүгө чакырды. Ошондой эле ата-бабабыз карманып келген Ханафи мазхабы менен Матуриди акыйдасы – динибиздин түпкү негизи экенин баса белгиледи.
Форумга Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев, ошондой эле улуттук агенттиктин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов катышты. Иш-чарага мындан тышкары Тоң районунун имамдары, акимият кызматкерлери жана 10-бөлүмдүн кызматкерлери да катышты.
Жыйын жылуу маанайда өтүп, катышуучулар суроолорун берип, канааттандырарлык жоопторун алышты. Форумдун жыйынтыгында мындай иш-чаралар ар бир райондо өткөрүлүп турса, туура эмес түшүнүктөрдү жоюуга жана коомдогу ынтымакты бекемдөөгө чоң өбөлгө болору белгиленди.