Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 26.08.2025
  • |

Ысык-Көл облусунун казысы Балыкчы шаарынын хатибиятын зыярат кылды

Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев Балыкчы шаарынын хатибиятын зыярат кылып, бир катар иш-чаралар менен таанышты.

Зыяраттын алкагында Балыкчы шаарындагы бардык мечиттер зыярат кылынып, китеп текчелериндеги диний адабияттар кылдат каралды. Жыйынтыгында туура эмес багыттагы китептер табылган жок. Бул тууралуу аймактык казыяттан кабарлашты.

Мындан сырткары облус казысы Бакыт ажы Кайкиев Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов менен жолугушуп, хатибияттагы ишмердүүлүк жана жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Зыяраттын соңунда казы шаардагы имамдардын жамаат менен иш алып баруудагы жоопкерчилигин жана мечит китепканаларында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уруксаты менен чыккан адабияттар гана болушу керектигин эскертип өттү.