Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 15.03.2025
  • |

Ысык-Көл районунда 400 дөн ашуун үй-бүлөгө кайрымдуулук жасалды

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук хатибияты тарабынан Чолпон-Ата шаарынан баштап бардык айылдардагы 410 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Кайрымдуулук ишин аты аталбаган бир тууган демөөрчү уюштурган.

Ар бир кайрымдуулук баштыгынын наркы 2000 сомду түзүп, жалпы суммасы 820 000 сом болду. Жардамды Ысык-Көл районунун имамдары жеткирди.

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев элдин атынан демөөрчүгө ыраазычылык билдирип, батасын берди.