Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 02.09.2025
  • |

Ысык-Көл районундагы мечиттерде навес салуу иштери башталды

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы бир катар мечиттерде жамаат үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында мечиттин короолоруна навес салуу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу райондун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев маалымдады.

Анын айтымында, акыркы жылдары жума жана айт намаздарына келгендердин саны көбөйгөндүктөн, мечиттердин короосуна күндүн ысыгынан жана жаандан коргоочу жабык жай куруу зарылчылыгы жаралган.

Навес салынган мечиттер:

1. Чок-Тал айылы – Чок-Тал мечити;
2. Сары-Ой айылы – Сары-Ой мечити;
3. Кара-Ой айылы – Кара-Ой мечити,
4. Чолпон-Ата шаары – “Мухаммад (с.а.в.)” мечити;
5. Чолпон-Ата шаары – “Абдулфаттах” мечити;
6. Бактуу-Долоноту айылы – “Ассалам” мечити;
7. Бостери айылы – Бостери мечити;
8. Орто-Өрүктү айылы – “Мойт Аке” мечити.

Учурда башка аймактардагы мечиттерде да навес орнотуу маселеси каралып жатат.

Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиевдин тапшырмасына ылайык, мечиттердин абалын көзөмөлдөө, оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүү жана намазга келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.