Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 17.09.2025
  • |

Ысык-Көл районундагы мечиттерге видео көзөмөл камералары орнотулууда

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы бардык мечиттерде коопсуздукту камсыздоо максатында видео көзөмөл камераларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Замандын талабы катары имамдар жана жамааттар бул саамалыкты кубануу менен колдоого алышты. Калган мечиттер да жакынкы аралыкта камера орнотууну пландаштырууда. Бул туурасында Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейиталиев маалымат берди.

Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев: «Сактыкта кордук жок» деп ата-бабабыз айткандай, коопсуздукту камсыздоо максатында ар бир мечитте видео көзөмөл камераларын орнотуу замандын талабы болуп калды. Бул сунушубузду ар бир имамга айтып келебиз. Бүгүн мындай жакшы саамалыкты кубануу менен кабыл алып жатам», — деди облус казысы.

Азырынча видео көзөмөл камералары орнотулган мечиттер:

1. Чок-Тал айылы — «Чок-Тал» мечити;
2. Чоң Сары-Ой айылы — «Чоң Сары-Ой» мечити;
3. Сары-Ой айылы — «Сары-Ой» мечити;
4. Кара-Ой айылы — «Кара-Ой» мечити;
5. Чолпон-Ата шаары — «Мухаммад ﷺ» мечити;
6. Чолпон-Ата шаары — «Абдулфатах» мечити;
7. Бактуу-Долоноту айылы — «Ассалам» мечити;
8. Бостери айылы — «Бостери» мечити;
9. Булан-Сөгөттү айылы — «Түрк дүйнөсү» мечити;
10. Корумду айылы — «Нур» мечити;
11. Темир айылы — «Темир» мечити;
12. Кашат айылы — «Роза ажы апа» мечити;
13. Тору-Айгыр айылы — «Медет-Ата» мечити;
14. Ананьева айылы — «Мубарак Абдугафур» мечити;
15. Григорьевка айылы — «Досмамбет уулу Кычан» мечити.

Калган мечиттерде да видео көзөмөл орнотуу иштери даярдык этабында жүргүзүлүүдө.