Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 05.11.2025
  • |

Ысык-Көлдө башаламан курулган мечиттер боюнча кеңешме өттү

Кечээ, 4-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында облус аймагындагы мыйзамсыз курулган мечиттер боюнча кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура департаментинин Ысык-Көл регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси Тимур Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев, ошондой эле жергиликтүү имамдар жана хатибият өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды:

Облустагы жалпы мечиттердин саны жана абалы;
Мыйзамсыз курулуп жаткан мечиттердин тизмеси;
Катталган жана кайра каттоого муктаж мечиттер боюнча маалымат;
Каттоого алынбаган мечиттерди мыйзамдаштыруу боюнча сунуштар жана чечүү жолдору.

Жыйын жылуу маанайда өтүп, жакынкы арада мечиттерди каттоо иштерин жөнгө салуу жана тиешелүү тараптар тарабынан көмөк көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Бул кеңешменин негизги максаты — облустагы диний курулуш иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү, мечиттердин документтик абалын тактап, кадастрдык жана архитектуралык талаптарга шайкеш келтирүү болуп саналат.