Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Чүй облусунун Жайыл районунун борбордук мечитинде казак, өзбек, азербайжан жана түрк диаспораларынын башчылары жана аксакалдары менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан ажы Омуралиев катышып, "Ынтымак", "Жаштардын тарбиясына көңүл буруу" жана "Бүгүнкү күндөгү Жараткандын берген жакшылыктарынын кадырын билүү" темаларында таасирдүү баяндама жасады.
Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, жаштардын моралдык жана диний тарбиясына көңүл буруу маселелери көтөрүлүп, бул багытта биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгү белгиленди.
Иш-чаранын соңунда мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу жана жаштардын таалим-тарбиясы жаатында чогуу аракет кылуу тууралуу макулдашуу болуп, тиешелүү иш-чаралар мерчемделди.