Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 09.09.2025
  • |

Жайылда хатибияттар аралык спорттук турнир өткөрүлдү

Кечээ, 8-сентябрь күнү дин кызматкерлери арасында ынтымакты бекемдөө жана спорт аркылуу биримдикти даңазалоо максатында Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылында хатибияттар аралык “Ынтымак” футбол турнири уюштурулду.

Спорттук иш-чарага Чүй облусуна караштуу райондук хатибияттар катышты. Тактап айтканда, Чүй хатибияты, Сокулук хатибияты, Ысык-Ата хатибияты, Жайыл хатибияты, Москва хатибияты, Аламүдүн хатибияты, Кемин хатибияты жана Панфилов хатибияттары күч сынашты.

Турнир спорттук дух менен ынтымакта өтүп, айыл элин да, катышуучуларды да кайдыгер калтырган жок. Турнирде жеңиш үчүн атаандашуу кызыктуу өтүп, достук бекемделди. Оюндардын жыйынтыгында 1-орунду Сокулук хатибиятынын командасы багындырды. 2-орунга Чүй хатибияты ээ болсо, 3-орунду Москва хатибияты алды.

Жеңүүчү командаларга жана мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылып, калган катышуучуларга да ыраазычылык билдирилди.

Бул иш-чара дин кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты чыңдоодо, спортко болгон кызыгууну арттырууда жана имамдар арасындагы достукту бекемдөөдө чоң мааниге ээ болду.