«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баш болгон казыят кызматкерлери Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан жаңы административдик имаратты зыярат кылышты. Бул тууралуу аймактык казыяттын маалымат адиси Талгат Абдракманов маалымдады.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоков казыят өкүлдөрүнө курулуштун жүрүшү, анын маанилүүлүгү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул имаратта шаардык мэрия жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жайгаша турган болуп, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлөт.
Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков курулушту тарыхый мааниге ээ, архитектуралык өзгөчөлүгү менен көзгө көрүнүктүү кооз имарат деп мүнөздөп, куруучуларга жана аны колдогон шаар, облус жетекчилерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өлкө тынчтыгы жана эл биримдиги үчүн дуба кылды.
Курулуш аяктагандан кийин бул имарат Жалал-Абад шаарынын маанилүү символдорунун бири болору күтүлүүдө.