Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин тапшырмасына ылайык, дин кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты, биримдикти бекемдөө жана достук мамилени чыңдоо максатында КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кубогуна арналган футболдук турнир уюштурулду.
Спорттук мелдешке облус аймагындагы дин кызматкерлеринен түзүлгөн командалар менен катар, буга чейин “Йакын-Инкар” уюмунун идеологиясын колдоп жүрүп, кийин өз ыктыяры менен андан баш тарткан жамааттын өкүлдөрүнөн түзүлгөн команда да катышты. Белгилей кетсек, аталган уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экстремисттик деп табылган.
КМДБнын Азирети Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү спорттук иш-чаранын негизги максаты дин кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, ден соолукту чыңдоо жана коомдо биримдикти сактоо экенин белгиледи. Ошондой эле ал бүгүнкү мелдеште мурда адашкан жолдо болуп, кийин өз катасын моюндап, туура жолду тандаган жамааттын өкүлдөрүнөн түзүлгөн команда активдүү катышып, жакшы оюн көрсөтүп, байгелүү орунга ээ болгонун баса белгиледи.
КМДБнын Азирети Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нематулла ажы Жээнбеков Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун негизги талабы — мусулмандардын ортосунда бөлүнүүгө жол бербөө, ынтымакты сактоо жана коомдук туруктуулукту бекемдөө экенин белгиледи.
«Ислам дини эч качан бөлүнүүгө, бири-бирин күнөөлөөгө үндөбөйт. Ар бир адам пенде ката кетириши мүмкүн. Эң башкысы — адашканын түшүнүп, туура жолду тандоо», — деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө дин кызматкерлерине жана катышуучуларга ынтымакта иш алып баруу, диний агартуу багытында биргелешип аракеттенүү, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу тууралуу чакырыктар жасалды. Ошондой эле мусулмандардын башын бириктирген негизги диний мекеме — муфтият экени, ал эми баарыбыз үчүн бирден-бир Мекен — Кыргызстан экени баса белгиленди.
Аталган уюмдун мурдагы мүчөлөрү иш-чаранын уюштуруучуларына, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийине жана облус өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирип, мындан ары муфтияттын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биргеликте иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан да, муфтият тарабынан да диний чөйрөдө ынтымакты сактоо, радикализмдин алдын алуу жана коомдук биримдикти чыңдоо багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө.