Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 10.10.2025
  • |

Жалал-Абадда диний кызматкерлерге шайлоо мыйзамдарын сактоо боюнча маалыматтар берилди

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун  №4/213 сандуу буйругун аткаруу алкагында облустук казыяттын кезектеги жыйыны өтүп, анда диний кызматкерлерге шайлоо маалында мыйзамдарды сактоо жана саясий иштерге аралашпоонун мааниси түшүндүрүлдү.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн өкүлдөрү, казыят кызматкерлери, ошондой эле облус аймагындагы 8 район менен 4 шаардын баш имам-хатибдери, айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары, Сузак жана Жалал-Абад шаарларынын жума мечиттеринин имамдары катышты.

Облус казысы жетектеген Нематулла ажы Жээнбеков жыйында дин кызматкерлеринин мамлекеттик саясатка жана шайлоо иштерине аралашуусуна жол берилбеши керектиги белгиленип, мечиттер менен диний окуу жайлардын аймагында саясий үгүт жүргүзүүгө тыюу салынары эскертилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн өкүлү мыйзамдын талаптарын кеңири түшүндүрүп, диний кызматкерлердин шайлоого катышуудагы укуктары менен жоопкерчилигине токтолду. Анын айтымында, имамдар добуш берүүгө укуктуу болгону менен талапкерлерди колдоо, бата берүү же алардын иш-чараларына катышуу мыйзам бузууга алып келиши мүмкүн.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга шайлоо маалында мыйзамды сактоо, маалымат каражаттарына маек берүүдө этият болуу жана диний бейтараптуулукту кармануу боюнча маалымат берилди.