Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 25.10.2025
  • |

Жалал-Абадда Куран жаттоо боюнча аймактык тандоо жарышы өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты (өкүлчүлүк) тарабынан Куран Каримди жаттоо боюнча республикалык деңгээлдеги жарыштын аймактык тандоо туру ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундун жүрөгүнө Куранды сиңирүү, жаштарды ыйманга, адепке жана руханий баалуулуктарга чакыруу болду. Куран жарышы Алланын сөзүнө болгон сүйүүнү бекемдөөнү көздөйт.

Жарыш үч багытта — 30 пара, 15 пара жана 5 пара боюнча уюштурулуп, катышуучулар өз деңгээлине жараша кыраат, тажвид, махраж жана үндүн тазалыгы боюнча күч сынашты.
Тандоо туруна облустун бардык аймактарынан келген катышуучулар катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүштү. Калыстар тобу ар бир катышуучунун кыраатын адилеттүү баалоо үчүн белгиленген эрежелерге ылайык иш алып барышты.

Натыйжада уландар арасынан:
• 30 пара боюнча — Умашкариев Абдуллох;
• 15 пара боюнча — Турсунбаев Умар;
• 5 пара боюнча — Курбанбаев Убайдулла.

Ал эми кыз балдар арасынан:
• 15 пара боюнча — Мураталы кызы Насиба;
• 5 пара боюнча — Якубжанова Ойша жогорку упай топтоп, жеңүүчү аталды.

Жеңүүчүлөргө сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, алар эми республикалык деңгээлдеги финалдык турда Жалал-Абад облусунун намысын коргошот.

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты жаштарды Куран жаттоого үндөгөн мындай сынактар жаш муундун руханий дүйнөсүн чыңдоого чоң салым кошорун белгилеп, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.