Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 23.09.2025
  • |

Жалал-Абадда руханий жолугушуу кечеси өттү

Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыяты жана “Из калтыр” коомдук бирикмеси биргеликте “Бактылуулук өзүңдү тааныганда башталат” аттуу руханий жолугушуу кечесин өткөрдү. Иш-чара Т. Тыныбеков атындагы облустук филармонияда болуп, акысыз уюштурулду.

Кеченин алгачкы бөлүгү Куран аяттарынан кереметтүү окуу менен башталды. Андан соң облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков сөз сүйлөп, жашоонун маңызы жана илим алуунун зарылдыгы туурасында кеңири түшүндүрмө берип, жаштарды билимдүү жана руханий жактан бай болууга чакырды.

Ардактуу конок катары чакырылган дин аалымы Олжобай ажы Алимбеков өз сөзүндө бактылуулук адамдын өзүн таануусунан башталарын белгилеп, толук ыйман менен жашоо — Жаратуучуну тааный билүү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле жаштарды Мекенди сүйүүгө, ата-энени урматтоого жана коомго пайдалуу инсан болууга үндөдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө көпчүлүктүн жүрөгүн түйшөлткөн суроолор талкууланып, устаздар тарабынан кеңири жооптор берилди. Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай руханий жолугушуулар байма-бай өткөрүлүп турса деген каалоо-тилектерин айтышты.