Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылынын имамы Жолдошбек ажы Өмүркановдун демилгеси, аны колдогон демөөрчүнүн колдоосу менен райондогу 20 имамга бирдиктүү чепкен тиктирилди.
Ар биринин баасы 2 миң сомдон турган чепкендерди демөөрчү Бараканов Руслан Толомушович каржылады. Чепкен жабуу аземи Тилекмат айылынын “Молдо Конокбай Асанай ажы” атындагы мечитте өттү.
Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев мындай иш-чаралар башка райондорго үлгү болорун белгилеп, демөөрчүгө алкыш айтып, батасын берди.
“Райондордун баш имам-хатибдерине бирдиктүү форма боюнча тапшырмалар берилген. Бүгүн Жети-Өгүз району алгачкылардан болуп бул ишти жүзөгө ашырып, башкаларга үлгү болду”, – деди казы Бакыт ажы Кайкиев.
Иш-чара соңунда Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек ажы Акылбек уулу демөөрчүгө ыраазычылык баракчасын тапшырды.