Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Билим берүү | 04.08.2025
  • |

Баткен: “Имам Азам” медресесин 19 кыз ийгиликтүү аяктады

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан “Имам Азам” медресесинде 2025-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнө арналган диплом тапшыруу аземи өткөрүлдү. Быйыл аталган диний окуу жайды 19 кыз ийгиликтүү аяктап, алардын бири Элчибек кызы Жумагүл артыкчылык дипломго ээ болду.

Салтанатка Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Кадамжай районунун баш имам-хатиби Абдимуталип ажы Усманов жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

Иш-чарада облус казысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, кыздардын диний билимге умтулуусу коомдогу келечек муунду тарбиялоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи:

“Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздер бүгүн ислам илиминин дагы бир тепкичине көтөрүлүп, бизди жана ата-энелерди кубантып жатасыздар. Бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн баары кыздар. Бул – өзгөчө кубанычтуу. Анткени аял билимдүү болсо, келечек муун да билимдүү, ыймандуу болуп өсөт”, – деди Нуридин ажы Мамасабиров.

Салтанатта бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, медресе студенттери тарабынан даярдалган маданий программа тартууланды.

Белгилей кетсек, “Имам Азам” медресеси 1999-жылдан бери диний билим берүү багытында ишмердик жүргүзүүдө. Аталган ДОЖду 2015-жылдан тарта Исмаил Санназаров жетектеп келет.