Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын июль айынын 2-аптасында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов жана КМДБнын референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков Нарын жана Ысык-Көл облустарына иш сапары менен барып, аймактардагы ДОЖдордун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты. Региондордогу диний окуу жайларынан кабар алуу жана текшерүү максатындагы өткөн зыяраттарга казылар, казыяттардын окуу боюнча адистери жана район-шаарлардын баш имам-хатибдери катышты.
Текшерүү учурунда диний окуу жайларындагы билим берүү процесси, окутуучулардын квалификациясы, окуу программалары, санитардык-гигиеналык жалпы абал жана ички тартип маселелери каралды.
Ошондой эле медреселерде мамлекеттик жана диний талаптардын сакталышы, жаштарга адеп-ахлактык тарбия берүү маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду.
Самаган ажы Мырзаибраимов билим берүү тармагын КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн талаптарга ылайык иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берип жатып, билим сапатын жогорулатуу, окутуучулардын кесипкөйлүгүн арттыруу жана тартипти бекем сактоо дин кызматкерлери үчүн артыкчылыктуу милдет экенин белгиледи.
Айта кетсек, аталган иш-чаралар Азирети Муфтийдин тапшырмасынын алкагында ишке ашууда. Зыяраттын алкагында Нарын облусу боюнча; Нарын шаарындагы «Юсуф Сыдык» медресеси, Ат-Башы районундагы «Аиша эне» медресеси жана Кочкор районундагы «Ак мечит» медресесинен кабар алынса, Ысык-Көл облусу боюнча; Жети-Өгүз районундагы «Каныбек ажы» медресеси, Тоң районундагы «Орозакун уулу Узакбай ажы» медресеси жана Балыкчы шаарындагы «Исагалы Сабира» медресеси зыярат кылынды.