Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Кайрылуу | 21.12.2025
  • |

Азирети Муфтий: Ражаб жаңырды, Рамазанга 2 ай калды!

Бисмиллахир-Рахманир-Рахийм
Ассаламу алейкум ардактуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандар!

Бүгүн, 21-декабрь күнү динибизде орду чоң, «маарек үч айлар» деп аталган Ражаб, Шаабан жана Рамазандын алгачкысы Ражаб жаңырып олтурат. Алланын Элчиси (с.а.в.) бул айда ибадаттардын көлөмүн арттырган. Ражаб Куран жана орозо айы болгон Рамазан-и шарифтин сүйүнчүсү болгон ай. Рагаиб кечи камтылган ай. Күнөөлөрдөн тазалануунун жана соопторду жыйноонун айы. Ражабдын күнү кыска, түнү узун болгон кыш мезгилине туш келиши – соопторду көбөйтүп, адамгерчиликке багытталууга зор мүмкүнчүлүк.

Ражаб айынын дагы бир пазилети – Рамазандын кабарчысы. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Оо, Алла Таалам! Ражаб жана Шаабанды бизге маарек кыл, бизди Рамазанга жеткире көр», – деп дуба кылганы маалым.

Рагаиб кечи Ражаб айынын алгачкы жумасы жаңырар күнгө – 25-декабрга туш келет. Андыктан ал кечте орозо тутуп, көп-көп дуба кылган жакшы. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: «Дубалар кабыл болгон 5 кеч бар; жума кечи, орозо айт жана курбан айт кечтери (арапа кечи), ражабдын алгачкы (жума) кечи, шаабандын ортосундагы кеч (бараат кечи)».
Улуулар Ражаб айын үрөөн себүүнүн айы деп атап, айдын алгачкы 3 күнүн, Рагаиб күнүн жана айдын соңку 3 күнүн орозо менен өткөрүүнү адатка айлантышып, бардык момунга сунуш кылышкан.

Кадырлуу момун мусулмандар! Ражаб исламияттагы арам (ыйык) жана маарек болгон 4 айдын бири. Ражаб менен Рамазандын ортосун бир гана ай – Шаабан бөлүп турат. Андыктан береке төгүлгөн Ражаб айында улуу Рамазанга даярдык көрүп, өзүбүздү ибадатка арнайлы.

Жаратканым жалпыбызды ыйык Рамазанга сак-саламат жеткирсин. Элибизге ынтымак, Мекенибизге тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү берсин! Ражабдын алгачкы күнүн орозо менен баштаган момун-мусулмандардын орозолору кабыл болсун. Берекелүү Ражаб кут болсун!

Терең урматтоо менен,

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров