Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Биздин өлкө – Кыргыз Республикасы светтик мамлекет. Бул деген ар бир жаран өзүнүн дин тутуу эркиндигине ээ дегенди билдирет. Мындай укук Кыргыз Республикасынын Конституциясында (34-берене) так жана ачык белгиленген:
1. Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.
2. Ар бир адам өзүнчө же башкалар менен бирге каалаган динин тутууга же эч бир динди тутпоого укуктуу.
3. Ар бир адам диний жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана тутууга укуктуу.
4. Эч ким өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.
Ошондуктан кандай гана этностук же диний ишеним болбосун – алардын ишенимин сыйлоо, алардын жашоо образын, кийим-кечесин, руханий мурасын урматтоо – бул мамлекетибиздин жараны катары ар бирибиздин милдетибиз.
Ислам динин карманган кыз-келиндер үчүн жоолук – жөн гана кийим эмес. Ал — ыймандын, уят-сыйыттын, таазимдин жана адептин белгиси. Эң негизгиси бул Алла Тааланын буйругу.
Куранда мындай деп айтылат:
“(Эй Пайгамбар!) Момун аялдарга айт: өз сулуулуктарын көрсөтпөсүн...”
(Нур сүрөсү, 31-аят)
Ошондой эле Алла Таала:
“Эй Пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момун аялдарга айт: жоолуктарын баштарына жакын салышсын. Бул алардын таанылып, кор болбоосу үчүн эң ылайыктуу”.
(Ахзаб, 59-аят)
Бул – аялды ызаттап, коомдо аны коргоого багытталган аят. Жоолук – аялдын коомдогу баркын көтөргөн парда, коомдук тынчтыкка салым кошкон тартип. Жоолук эч кимге зыян жеткирбейт, тескерисинче адеп-ахлакка чакырат.
Кадырлуу бир туугандарым!
– Жоолук аялды жөнсүз көз караштардан коргойт;
– Моралдык баалуулуктарды бекемдейт;
– Уят-сыйыт, улуулук жана уңгулуу тарбияны көрсөтөт;
– Коомдо ар-намыстын сакчылыгы катары кызмат кылат.
Биз кантип башка динди тутунгандардын ибадатына, кийимине асылбай, каада-салтын сыйласак, ошол эле сый-урмат Ислам динин карманган жарандарыбызга да көрсөтүлүүгө тийиш. Жоолук салынган кыз-келиндер – мамлекетке зыян келтирбейт, тескерисинче анын тынчтыгын, адебин сактоого салым кошот.
Жоолук – таңуулоо эмес, ыйман менен тандалган чечим. Ал чечимди мазактоо же кемсинтүү – дин тутуу укугунун бузулушу жана коомдук адепке туура келбеген көрүнүш. Биз баарыбыз бир кеме менен баратабыз. Улутубуз бир, мамлекетибиз бир. Ошондуктан бири-бирибиздин укугубузду, тандообузду жана ишенимибизди урматтоо – тынчтык жана биримдикке гана алып барат.
Урматтуу мекендештер!
Жоолук – аялдын кемчилиги эмес, кымбаттыгы.
Жоолук – артта калгандык эмес, ар-намыстын алкагы.
Жоолук – кысым эмес, ыймандын чечими.
Биз коом катары бири-бирибиздин ыйманыбызды, адебибизди жана инсандык укугубузду урматтаганда гана өсөбүз.