Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 05.09.2025
  • |

Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, Текшерүү комиссиясынын төрагалыгына Бактыбек Нурдинов шайланды

Бүгүн 5-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, аны төрага Замир кары Ракиев алып барды. Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын жаңы кабыл алынган уставына ылайык Аалымдар Кеңешинин ишмердүүлүгүн аныктаган жобосу кабыл алынып, мүчөлөрү 25 ке толукталды.

Аны менен катар Аалымдар Кеңешинин алдындагы Текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна шайлоо өткөрүлдү. Ачык добуш берүүнүн жыйындыгында 8 талапкердин ичинден Нурдинов Бактыбек Сарбагышевич Текшерүү Комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. 

Эске салсак, мурунку Борбордук Текшерүү Комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын Курултайынын көзөмөлүнөн чыгарылып, КМДБнын жаңы уставына ылайык Аалымдар Кеңешинин карамагына өткөрүлгөн. Текшерүү комиссиясы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын бардык түзүмдөрүнүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерип, Аалымдар Кеңешине алты айлык жана жылдык отчет берип турат. 

Кезектеги жыйында мындан башка бир катар шарияттык маселелер каралды жана чечимдер кабыл алынды.