Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аалымдар Кеңешинин өкүлдөрү Кара-Балта шаарындагы «Хазирети Осмон» Ислам институтун зыярат кылышты.
Зыяраттын алкагында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү окуу жайдын ишмердүүлүгү, окутуу процесси жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, билим берүү усулдарын жеринде көрүштү.
Ошондой эле КМАКтын төрагасы Замир кары Ракиев институттун негиздөөчүсү Калилдин ажы Исаковго диний билим берүүдөгү зор эмгеги үчүн Аалымдар Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана жаштарды ыйман, илимге үндөө боюнча сабак өтүшүп, студенттерге акыйда, фикх жана усул боюнча дарс окушту.