Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев баштаган аалымдар «Абдуллах ибн Масъуд» медресесин зыярат кылышты. Зыяраттын алкагында алар медресенин жалпы ишмердүүлүгү, окуу процесси жана студенттердин билим алуу шарттары менен таанышты.
Медресенин жетекчилиги жана мугалимдери менен болгон жолугушууда тараптар диний билим берүүнүн сапатын арттыруу, жаштардын руханий тарбиясын бекемдөө жана адеп-ахлак маселелери боюнча пикир алышты.
Ошондой эле кыргыз элине таанымал Сражидин устаздын жакында болгон жол кырсыгына байланыштуу, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү устазды зыярат кылып, анын тез арада айыгып кетишин каалап, дуба кылышты.
Зыяраттын соңунда аалымдар студенттер менен жолугуп, илимдин баалуулугу, адеп жана аракеттин мааниси тууралуу терең насаат айтып, келечектеги ийгиликтерине ак батасын беришти.