«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Бүгүн, 20-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.
Жыйында төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды:
• Текшерүү комиссиясынын жобосу бекитилди;
• Текшерүү комиссиясынын жаңы курамы бекитилди;
• Текшерүү комиссиясынын иш планы.
Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) жаңы уставына ылайык, Текшерүү комиссиясы мындан ары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин алдында иш алып барат.
Ошондой эле жыйында Аалымдар Кеңешинин ичиндеги комитеттердин курамы да толукталды. Жаңы мүчөлөр катары Молдо Надыр Асомудинов, Анасхан Ташхужаев, Абдиравшан Дүйшөев жана Жигитали Исмайилов Кеңештин курамына кошулду.