Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров иш сапары менен Талас облусунун Айтматов районунда болуп, диний кызматкерлер жыйын өткөрдү.
Жыйынды облус казысы Сулумбек ажы Узениалиев ачып, эки ашуу ашып келген Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирди. Саамалык алкагында КМДБ жетекчиси баш имам-хатиб Ислам ажы Куматаевдин ишмердүүлүгү жана райондогу диний абал боюнча маалыматтык-отчётун укту.
«Алла Тааланын улуу динине кызмат эч качан кайдыгерлик менен коштолбошу керек. Биз Жараткандын ыраазычылыгын гана көздөп, элибизге ак кызмат кылууну башкы милдет билип, молдочулук жолго аттанганбыз. Калайыктын, өзгөчө мечит жамаатынын диний муктаждыгын чечип, суроолоруна жооп берип, баян айтуу менен бирге, сапаттуу намаз окушун, туура маалымат алышын камсыздашыбыз керек. Эгер мечитке адам кирбей, «Алланын үйү» абад болбой жатса, анда имам катары өзүбүзгө суроо берели. Улуу эсеп-кысап башталганча, өзүбүзгө эсеп-кысап кылалы», – деди Азирети Муфтий.
Азирети Муфтий дин кызматы дайыма оор жана жоопкерчиликтүү болорун, дээрлик бардык пайгамбарлар, аалымдар жана олуялар кыйынчылык тартышканын, атеисттик оор мезгилдер өткөнүн эскертип, учурда заман жакшырганын, ары эл, ары муфтият, ары мамлекет диний чөйрөгө кам көрүп жатканын, бул да болсо зор нээмат экенин айтып өттү.
Саамалыкта муфтияттын 18 ай ичинде аткарган иштери боюнча видеоролик жана «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан диний насаатчыларга Муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Аймактагы имамдар менен жолугушууга багытталган саамалыктын 2-бөлүгүндө муктаж диний кызматкерлерге жана бир катар социалдык аз камсыз жарандарга акчалай жардам берилди.