«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Коом | 04.03.2026
  • |

Ахунали ажы Курбанов муфтияттын «Насыйкат» медалы менен сыйланды

Ахунали ажы Курбанов Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан «Насыйкат» медалы менен сыйланды. Сыйлыкты Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров салтанаттуу түрдө тапшырды.

Молдо Ахун тууралуу:

Ахунали ажы Курбанов 1958-жылы 10-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында төрөлгөн. Ал аталган шаарда 30 жылдык тарыхы бар “Азирети Али” медресесин негиздеген. Учурда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Өрүк-Зар айылына көчүп келип, устаты экс-муфтий Абдусаттар ажы Мажитов негиздеген “Азирети Усман” атындагы медреседе эмгектенип келет.

Ахунали ажы Курбанов «Борбордук Азиянын устаты» делген Мавлавий Хиндустаний Мухаммаджан молдо Рустам уулунан, Молдо Абдусами карыдан, мурдагы муфтий Абдусаттар ажы Мажитовдон жана Молдо Шакир устаздардан сабак алган. Ал бир топ жылдардан бери өлкөбүздө ислам дининин бекемделишине салым кошуп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялап келет.

Анын шакирттери белгилүү дин аалымдары болуп жетилип чыгып, айрымдары Муфтиятта, диний өкүлчүлүктөрдө жана хатибияттарда үзүрлүү эмгектенип келишет.