Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 16.10.2025
  • |

Астанада II эл аралык Куран жарышы өтүүдө

Казакстан баш калаасынын республикалык башкы мечитинде II Эл аралык Куран жарышы өтүп жатат. Руханий иш-чара боордоштордун Республика күнүнө жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулууда.

Курани Каримден аяттарды окуу менен ачылган салтанаттуу аземде баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу атайын дуба кылды.

Бул эл аралык сынакка 21 өлкөдөн 22 өкүл катышууда. Кыргызстандын атынан Фирдаус кары Умаров күч сынашып жатса, белгилүү хафиз Насрулла кары Искандаров калыстык кылууда.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-28-29-октябрь күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин колдоосу менен мырзалар жана кыз-келиндер арасында III республикалык Куран жарышы өткөрүлмөкчү.