Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 25.07.2025
  • |

Ат-Башы: Азирети Муфтийдин Нарын облусуна иш сапары башталды

Бүгүн, 25-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, хатибияттардан кабар алууга багытталган иш сапарынын алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районуна барды.

Азирети Муфтий иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун борбордук мечитинде жума намазына өтүп, үй-бүлө баалуулуктары боюнча баяндама жасады.

«Илгери ата-бабаларыбыз бир бөлмөлүү боз үйдө эле эң жакшы таалим-тарбия берген. Кыйын мезгилдерде кыйын инсандар жетилип чыкканы маалым. Тилекке каршы, учурда заман оңолуп, турмуш-шартыбыз жакшырган сайын үй-бүлө очогун сактап калуу олуттуу маселеге айланып барууда. Турмуш жолуна аттанган жуптардын бир тобу тез эле эки башка жолго түшүп, үй-бүлө уясы урап калууда. Бул – чоң көйгөй. Жүрөктү тилген бул проблеманы чечүү үчүн динибизге жана наркыбызга бекем бололу», – деди Азирети Муфтий.

КМДБ жетекчиси салттуу үй-бүлө институту жана баалуулуктарына кеңири токтолуу менен бирге илим-билимдин пазилети, ысыраптан качуу жана жаш муундун тарбиясына көңүл бурууга чакырык жасады.