Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 25-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусундагы Ат-Башы районундагы имамдарга жыйын өткөрдү. Райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, хатибияттардан кабар алууга багытталган жыйындын алкагында КМДБ жетекчиси райондук баш имам-хатиби Абдулла Тахировдун жалпы ишмердүүлүгү жана райондогу диний абал боюнча маалыматтык-отчётун укту.
Жыйналышка КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов, Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Эрик ажы Молдокулов баштаган казыят жамааты, имам-хатибдер жана райондогу активдүү үгүтчүлөр катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтий үй-бүлө баалуулуктарын коргоо, зордук-зомбулуктарга каршы агартуу иштерин колго алуу, салттуу ислам болгон матуридилик-ханафиликти сактоо, ысырапкорчулукка каршы иш-аракеттер ж.б. боюнча доклад жасады. Ошондой эле КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми боюнча маалымат берип, анын алкагында аткарылган демилгелер жана мерчемге ылайык бекитилген жарым жылдык иш-план менен тааныштырды.
КМДБ жетекчиси өз сөзүндө имамдарга мечиттерди жандуу тутуу боюнча нускама берип, имамдар 5 намазды мечитте окууга максималдуу аракет кылышы керектигин белгиледи.
“Кадырлуу имамдар! Сиздер кышы 6 айга созулган шарты оор аймакта дин кызматын аркалап келесиздер. Бул үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бирок, азыркы руханий таңсыктык доордо диний кызматты абдан күчтөндүрүшүбүз керек. Пайгамбардан (с.а.в.) мурас калган михрабга жана минбарга татыктуу болуп, улуу жол башчынын сүннөтүн бекем карманалы. “Имам мечитке келбейт” деген сындар тегин жерден айтылып жаткан жок да бүгүнкү күндө. Адилеттүү сындарды туура кабыл алып, пайгамбар кесиби болгон имамдыктын акысын толук берели. Ошондо мечиттерибиз жамаатка толуп, диний агартуу иштерибиз жанданат», – деп билдирди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
Иш-чарада КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов имамдардын этикасы, нике маселеси жана диний баяндын форматтары боюнча маалымат берди.
Саамалыкта муфтияттын 1,5 жыл ичинде аткарган иштери боюнча видеоролик жана мекеменин «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан диний үгүтчүлөргө Муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Аймактагы имамдар менен жолугушууга багытталган иш-чаранын 2-бөлүгүндө муктаж диний кызматкерлерге жана жергиликтүү бийликтен тизмеси алынган бир катар социалдык аз камсыз жарандарга кайрымдуулук жасалды.