Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 20-ноябрь күнү борбор калаадагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы ажы башчыларга алгачкы жыйын өткөрүлдү. Жыйынды 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев алып барып, жалпы ажы башчыларга ийгилик каалады.
«Ажылык динибиздеги эң негизги ибадаттардын бири. Улуу ибадатты орундатуу үчүн момун-мусулман бир туугандарыбыз зор үмүт жана толкундануу менен бара жатышат. Сиздер аларга ак кызмат кылып, ибадаттарын шарият талабындагыдай орундатышына шарт түзүңүздөр. Ошондой эле штаб тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында так аткарыңыздар», – деди УРШ төрагасы ажы башчыларга сертификат тапшыруу саамалыгында.
Иш-чарада КМДБнын ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери тартип жана шарттар, штабга баш ийүү, ажылыкты уюштуруу талаптары, Сауд Араб Падышалыгынын зыяратчыларга тиешелүү эреже-мыйзамдары жана ажылардын документтери боюнча кенен токтолуп, ажы башчылардын суроолоруна жооп беришти.
Саамалыктын экинчи бөлүгүндө ажы башчыларга КМДБ тарабынан тастыкталган сертификаттар тапшырылды.
Айта кетсек, 2026-жылдагы ажылык сапарында кыргызстандык зыяратчыларды коштоп баруу үчүн 134 ажы башчы тандалып алынган.