“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Коом | 19.05.2025
  • |

Ажылык – 2025: Зыяратчылардын алгачкы тобу 21-майда Ош-Медина багыты аркылуу учуп кетишмекчи

2025-жылдагы ажылык сапарлары башталуу алдында турат. Ош-Медина багыты боюнча алгачкы рейс 20-майдан 21-майга оогон күнү аткарылмакчы. 

Зыяратчыларды узатууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, УРШ жетекчиси жана Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Ал эми Бишкек-Жидда багыты боюнча алгачкы учуу 24-майда аткарылып, 29-майга чейин созулмакчы.

Айта кетсек, САП быйылкы жылы да Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажыларды 139 ажы башчы жетектеп барышы күтүлүүдө.