Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Быйылкы ыйык ажылык сапары расмий түрдө башталып, Сауд Араб падышалыгына келген кыргызстандык зыяратчылардын саны 1998ге жетти. Алардын алгачкы тобун Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү тосуп алып, жатаканаларга жайгаштыруу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Зыяратчылар Медина жана Бишкек–Жидда багыттары боюнча келишип, учурда жатаканаларда жайгашууда. Ал эми жатаканалардан ыйык Харам мечитине чейин атайын ажылар үчүн каттаган автобустар ишке киргизилди.
Ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчисинин орун басары Давран ажы Жунусалиев мындай деди:
«Ажылык – бул жөн гана сапар эмес, бул руханий жол. Биздин максат – ар бир зыяратчы тынчтыкта болуп, ибадат кылуусуна шарт түзүү. Ал үчүн жатакана, транспорт, медициналык жардам сыяктуу бардык маселелерде кызмат кылууга аракеттенип жатабыз», – деди ал.
Бул – миңдеген кыргызстандыктар үчүн жүрөктөгү эң чоң тилек – кабыл болгон ажылыкка аттануу. Ал эми алар үчүн кызмат өтөп жаткан штаб мүчөлөрү – амандыкта, иреттүүлүк менен ажылыкты өткөрүүгө бардык аракеттерди көрүшүүдө.
«Зыяратчыларга берилчү тамак-аш кыргыз элинин табитине ылайык даярдалууда. Ар бир тамак өз мөөнөтүндө жатаканаларга жеткирилип, кечиктирилбей берилүүсүнө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Тамактар санитардык талаптарга ылайык, таза шартта, көзөмөл менен жасалууда. Ажыларыбыз курсагы ток, көңүлү тынч болуп, ибадатын үзгүлтүксүз аткаруусу үчүн бардык шарттар камсыздалууда»,-деди Толкунбек ажы Жуманов.
Ажылыктын ар бир күнү – бараандуу кадам. Ар бир дуба – үмүт. Ар бир мүнөт – сооп.