Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 19.09.2025
  • |

Ажылык – 2026: Өлкөдөгү жалпы операторлорго алгачкы жыйын өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрь күнү КМДБда, ал эми 18-сентябрь күнү Ош облустук казыятынын жыйындар залында ажылык иштери боюнча жооптуу операторлорго алгачкы жыйын өткөрүлдү. Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары УРШнын төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев, бөлүмдүн адистери Давранбек ажы Жунусалиев, Абдулазиз ажы Туташбаев жана Самидин ажы Мамаевдер сөз сүйлөп, ажылык иштерин жүргүзүүдөгү процедуралар жана ажылыкка талапкер болгон жарандардын иш кагаздарын тартиби, базага каттоо боюнча бир катар маселелерге токтолушту.

"Жыл сайын ажылык иштери башталуусунан мурун операторлорго жыйын өткөрүп, бир катар эскертмелерди айтып турчубуз. Натыйжада бир топ тажрыйбага ээ болдуңуздар. Бирок жыл сайын түрдүү түшүнбөстүктөр пайда болуп жатат. Ошол себептен бул жылы да ажылык иштеринин процедуралары боюнча бир катар эскертип өтүүнү туура көрдүк. Өзгөчө иш кагаздар менен иштөөдө жана базага жүктөө маселелерине көп убакыт сарпталып жатат. Ар бир ажыга баруучу жарандын иш кагаздарын убагында толуктоо зарыл", – деди УРШ төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Жыйындын жүрүшүндө операторлор тарабынан бир катар суроолор жана сунуш-пикирлер айтылды. 

Айта кетсек, 2026-жылдагы ажылык сапарына барууга ниеттенген жарандар 23-сентябрь күнү (РСК) элдик банкка баштапкы төлөм төлөөнү башташат.