«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
2026-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн 23-сентябрь күнү Элдик банкка (РСК) тиешелүү төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга маалымдайбыз.
2026-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн 23-сентябрь күнү Элдик банкка (РСК) тиешелүү төлөмдөрүн төлөгөн жарандар ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алгандыгы же кезекте калгандыгы боюнча маалыматты өлкө боюнча ажылык базага аймактык операторлор аркылуу толук катталып, иш-кагаздарын тапшыргандан кийин электрондук тизмеси Элдик банкка (РСК) төлөгөн төлөмдөрүнүн убактысына ылайык жарыяланат.
Эскертүү: Бул маалымат 2025-жылдын 23-сентябрь күнү Элдик банкка (РСК) тиешелүү төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга гана тиешелүү.