Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 17.09.2025
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Астанада өтүп жаткан VIII съездге катышууда

Бүгүн, Астанада дүйнөлүк жана салттуу дин лидерлеринин VIII съезди өз ишин баштады. Бул ири иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров да катышууда.

Съездге дүйнөнүн 60ка жакын өлкөсүнөн 100дөн ашуун делегация, анын ичинде ислам, христиан, буддизм, иудаизм, индуизм, даосизм, зороастризм, синтоизм сыяктуу ар кыл диндердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын мүчөлөрү, эксперттер жана коомдук ишмерлер катышууда.

VIII Съезддин алкагында:

-XXI кылымда адамзатты бириктирүүдөгү диндердин ролу

-Диндер – тынчтыкты камсыздоодогу туруктуу өнүгүү фактору

-Санариптик доор жана жасалма интеллект шартындагы руханий баалуулуктар

-Экстремизмге каршы ишеним: диндердин тынчтык орнотуучу потенциалы аттуу темалар каралууда.

Съезддин жыйынтыгында декларация кабыл алынып, иш-чара салтанаттуу түрдө жабылат.

Бул маанилүү жыйын дүйнөлүк тынчтыкты, биримдикти жана дин аралык өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого багытталган.