«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Коом | 04.03.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров экс-муфтий Абдусаттар ажы Мажитовдун кабырын зыярат кылды

Ыйык Рамазан айында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы экс-муфтий, маркум Молдо Абдусаттар ажы Мажитовдун үйүн зыярат кылып, жакындарынан кабар алды. Азирети Муфтий зыяратынын алкагында мурдагы муфтийдин өмүр жолу, илимий жана агартуу ишмердүүлүгү жөнүндө сөз кылып, рухуна багыштап Куран окуду.

Ал эми маркум аалымдын жакындары анын элге кылган кызматы, дин илимин жайылтуудагы эмгеги жана тарбиялык-насаат иштери тууралуу кеңири токтолушту. Муфтий үй-бүлө мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар менен баарлашып, аалымдын асыл сапаттарын, такыбалыгын жана эл арасындагы кадыр-баркын эскерди.

Андан соң муфтий маркумдун кабырын зыярат кылып, Куран окуп, сообун багыштап дуба кылды. Саамалыкка катышкандар аалымдын калтырган руханий мурасы, элге айткан насааттары жана илим жолундагы кызматы бүгүнкү муун үчүн да чоң үлгү экенин белгилешти.

Бул иш-чара маркумдун жаркын элесин эскерүү, анын эмгегин унутпоо жана коомдо руханий баалуулуктарды бекемдөө максатында уюштурулду.