«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан мусулмандарынын туңгуч муфтийи, маркум Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жакын сааналаштары, дос-жары, шакирттери, бир кездерде чогуу иштешкен диний кызматкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
«Биз өзүбүздүн улуу муун аалымдарыбызды кадырлап-барктап алышыбыз керек. Эгер көзү өткөн болсо, эмгектерин эскерип, рухуна багыштап Куран тилават кылышыбыз зарыл. Эгер өтмүштү унутсак, келечек бизге жат болот. Сиздер оор учурларда ислам динибиз үчүн өмүрүн зарп кылган ардактуу Кимсанбай ажынын бир кездеги эмгек жамааты болгонсуздар. Сиздердин эмгек, динге кылган мээнетиңиздер эсибизде. Азыркы диний маданият, тереңдеген исламий түшүнүккө жетишүү үчүн эгемендиктин алгачкы жылдарындагы аталар, агалар жан үрөп иштегенсиздер. Азырга чейин түрдүү диний кызматтарды аркалап, элибизге эмгек сиңирип келесиздер. Жаратканым жалпыңыздарга ыраазы болсун», – КМДБ жетекчиси кабыл алуу учурунда.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров бир кездерде муфтий болуп кызмат өтөгөн маркум аалымдардын кабырларын зыярат кылып, арбактарына багыштап Куран окуп, дуба кылууда. Ошону менен бирге, экс-муфтийлердин үй-бүлөлөрүн, жакындарын, дос-жарларын зыярат кылып, баталарын алууда.