“Кимде-ким (Аллага) чындап ишенип, Алладан жакшылык күтүп, Рамазанда орозо кармаса, анын ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (хадис).
Мээримдүү жана ырайымдуу Жараткан Алла Тааланын ысымы менен...
Урматтуу мусулман бир туугандарым! Ардактуу кыргыз калкым! Сиздерди бүгүнкү жаңырган ыйык Рамазан айыңыздар менен куттуктаймын! Жаңырган Рамазан эли-журтубузга, ислам үммөтүнө, дегеле адамзатка кайырлуу жана берекелүү болсун.
Орозо мусулманга дайыма Алла Тааланы эскертип, момундук жоопкерчиликти ойготот. Ал адам баласынын ички дүйнөсүн тазалап, жакшы кулк-мүнөз менен сыпаттантып, башкалар менен жакшы мамиледе болушун жана такыба болушун шарттайт. Орозо кармоо менен мусулман көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат. Дайыма Алла Таала мени көрү-билип турат деген сезими күчөйт.
Алла Таала ыйык Куранда орозо тууралуу мындай дейт:
قال الله تعالي: » يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُون أَيَّامًا مَّعْدُودَاتٍ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ فَمَن تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَّهُ ۚ وَأَن تَصُومُوا خَيْرٌ لَّكُمْ ۖ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِّنْ أَيَّامٍ أُخَرَ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ «. (البقرة(183-185
«Оо, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга парз кылынгандай эле, такыба болууңар үчүн силерге да орозо кармоо парз кылынды. (Орозо) эсептелүү күндөрдө гана. Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса, же сапарга аттанса – анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө толуктап берет. Орозо тута албай турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса – ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармооңор силер үчүн эң жакшы».
Рамазан касиеттүү, шарапаттуу, бекерекелүү ай. Анын дагы бир касиетин караңыз, орозо кармаган инсандын күнөөлөрү кечирилет:
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: » مَنْ صَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ.وَمَنْ قَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ. وَمَنْ قَامَ لَيْلَةَ الْقَدْرِ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ «. (متفق عليه)
Абу Хурайра (р.а.) пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мындай дегенин айтты: «Кимде-ким Рамазан айында чын дилинен ишенип жана сообун Алла Тааладан гана үмүт кылып орозо кармаса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Кимде-ким Рамазан айында чын дилинен ишенип, соопту бир Алла Тааладан гана үмүт кылып түнкү (таравих, тахажуд) намаздарын үзбөй окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Кимде-ким Рамазан айында чын дилинен ишенип, соопту бир Алла Тааладан гана күтүп Кадыр түнү бою таравих, тахажжуд) намаздарын үзбөй окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет».
Баарыбыз билгендей, Ыйык Куран-и Карим Рамазан айында түшө баштаган. Бул куттуу ай – Куран айы. Миң айдан артык болгон Кадыр түн да ушул берекелүү Рамазан түндөрүндө катылган. Демек, бул айда көбүрөөк Куран окуйлу. Терең түшүнүүгө жана аны жашообузда практикалоого аракет кылалы. Курани Карим Алла Тааланын бизге ыроологон зор белеги. Куран айында Куранга катуу көңүл буралы.
Пайгамбарыбыз (ага Алланын салават-саламдары болсун) мындай деп айткан:
عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرٍو رضي الله عنهما أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: » الصِّيَامُ وَالْقُرْآنُ يَشْفَعَانِ لِلْعَبْدِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، يَقُولُ الصِّيَامُ: أَيْ رَبِّ مَنَعْتُهُ الطَّعَامَ وَالشَّهَوَاتِ بِالنَّهَارِ فَشَفِّعْنِي فِيهِ. وَيَقُولُ الْقُرْآنُ: مَنَعْتُهُ النَّوْمَ بِاللَّيْلِ فَشَفِّعْنِي فِيهِ. قَالَ: فَيُشَفَّعَانِ«.) وروى الإمام أحمد 65
“Кыямат күнү орозо менен Куран адам баласы үчүн шапаат кылышат. Орозо айтат: “Оо, Раббим! Мен аны күндүзү кумарынан (шахватынан) жана тамагынан тыйдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер”.
Рамазан напсини тарбиялаган руханий мектеп. Орозодо кылынган ибадаттар демейкиден алда канча сооптуу. Алла Таала орозону Өзү үчүн тандап алган жана орозо кармоочуларды ченемсиз сыйлыктары менен сыйлайт. Хадисте мындай деп айтылат: «Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар. Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Алла менен жолугуп, Анын жамалын көргөн учуру» (Муслим 2/807).
Демек, Рамазан айы береке жааган, кут төгүлгөн ай. Ушул айга сак-саламат жеткирген Алла Таалага миң мертебе шүгүр айталы. Орозого жетпей калган жакындарыбызга Жараткандан рахмат тилейли.
Анан дагы бул нерсеге көңүл буралы: Орозодо гана такыба болуп, ибадатты күчөтүп, адеп-ахлакты кооздоп, бирок орозодон кийин өзүбүздү таштап ийбейли! Рамазанда гана сыпайы, сылык болуп, бирок орозодон кийин баягы жаман адаттарыбызга кайтпайлы! Рамазан мектебинен алган таасирди, тарбияны жана ибадаткөйлүктү кийинки орозого чейин жоготпойлу!
Ыйык Куран айы болгон Рамазандын шарапаты менен дүйнөдө тынчтык болсун. Мекенибизге кут консун. Жергебизге береке, элибизге ынтымак, динибизге ийгилик, мамлекетибизге өнүгүү берсин.
Берекелүү Рамазан айыңыздар маарек, эртеңден баштап кармай турган орозоңуздар кабыл болсун!
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров