«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга байланат» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закиров Баткен облусуна иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында аймактагы диний абал менен таанышып, жергиликтүү дин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйын КМДБнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде өтүп, ага район-шаарлардын башкы имам-хатибдеринин милдетин аткаруучулары, медресе жетекчилери жана дин кызматкерлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы диний иштердин абалы, аткарылып жаткан иш-чаралар жана алдыдагы пландар тууралуу маалыматтар айтылды.
Жыйында орозо-фитир маселеси, зекет жыйноо жана аны муктаждарга жеткирүү тартиби, ошондой эле имамдардын айлык акысына байланышкан маселелер кеңири талкууланды. Азирети Муфтий диний кызматкерлердин жоопкерчилиги жогору экенин белгилеп, шарият талаптарын так сактоо менен элге туура жана так дин жеткирүү зарылдыгын айтты.
Мындан тышкары, Азирети Муфтий жаштар менен иш алып баруу жана радикалдуу түшүнүктөрдүн алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү керектигин айтты. Дин кызматкерлери эл менен тыгыз байланышта болуп, сабаттуу, сабырдуу жана үлгүлүү иш алып барууга чакырды.
Жыйын соңунда Азирети Муфтий имамдарга жана диний кызматкерлерге аткарып жаткан кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле мындан ары да салттуу жана таза ислам динин туура нукта жеткирүү, коомдогу тынчтык менен биримдикти сактоого салым кошуу негизги милдет бойдон каларын белгиледи.