Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Азирети Муфтий Баткенде өткөн “Ислам дини – биримдик менен өнүгүүнүн булагы” аттуу илимий конференцияга катышты
Бүгүн, Баткен шаарында Баткен казыятынын демилгеси менен “Ислам дини – биримдик менен өнүгүүнүн булагы” аттуу илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган диний жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү аалымдар катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров жыйындын катышуучуларына кайрылып, ынтымак жана биримдик – өлкөнүн өнүгүүсүнө, коомдун туруктуулугуна жана руханий жыргалчылыгына негиз боло турган баалуулук экенин баса белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтий ар бир жарандын коомдук биримдикти чыңдоого, мамлекеттин өсүшүнө өз салымын кошуусу маанилүү экенин белгилеп, “Ислам дини адам баласын тынчтыкка, ырайымдуулукка жана адилеттүүлүккө чакырат” – деди.
Иш-чарага КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов баштаган мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган дин кызматкерлери да катышып, коомдогу ынтымак, боорукерлик жана билим алуунун мааниси тууралуу баяндашты.
Катышуучулар ислам дининин адамдык, моралдык жана руханий баалуулуктарды калыптандыруудагы орду, ошондой эле коомдук тынчтык менен биримдикти бекемдөөгө тийгизген таасирин талкуулашты.
Конференция соңунда диний жана мамлекеттик жетекчилер Баткен казыятынын жигердүү ишин белгилешип, мындай саамалыктар коомдогу ынтымакты бекемдөөгө чоң өбөлгө болорун билдиришти.