Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 13.10.2025
  • |

Азирети Муфтий Баткендеги “Муаз ибни Жабал” институтунун жаңы корпусунун ачылышына катышты

Баткен шаарында “Муаз ибни Жабал” ислам институтунун балдар үчүн курулган жаңы окуу корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышып, жаңы имаратка ак батасын берип, жаш муундарды ыйман жана билим жолундагы сабырдуулукка, туруктуулукка чакырды.

Азирети Муфтий өз сөзүндө билимдин баалуулугу менен диний тарбиянын коом турмушундагы ордун баса белгиледи:

“Билим – адамдын жүрөгүн нуру менен жарыктандырган касиет. Бүгүн бул дубалдарда ыйман, адеп жана илим кошо жашайт. Ар бир бала бул жерде Курандын жарыгын алып чыгып, элине жана өлкөсүнө кызмат кылчу инсан болуп жетилсин. Бул имарат – жөн гана курулуш эмес, келечек муундардын руханий жана интеллектуалдык казынасы”, — деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.

Ачылыш аземине КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КМДБнын кызматкерлери, дин аалымдары, демөөрчүлөр жана шаар тургундары катышты.

2022-жылы башталган имараттын курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Жалпы аянты 3000 чарчы метрди түзгөн бул жаңы корпус 200 студентке арналган жана жатаканасы, окуу залдары, китепканасы менен толук жабдылган.

Имараттын курулушуна белгилүү аалым Абдишүкүр ажы Нарматов демилгечи болуп, курулуш иштерине демөөрчүлөр колдоо көрсөткөн.

Бул жаңы окуу корпусу Баткенде жаштардын диний жана дүйнөлүк билимди терең өздөштүрүшүнө, ыйман менен илимди айкалыштырып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган адептүү жана билимдүү муунду тарбиялоого кызмат кылмакчы.