Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эй адамдар! Силер Аллага муктажсыңар! Алла болсо эч нерсеге муктаж эмес, Макталуучу!» (Фаатир, 15).
Диний аалым, диний ишмер, Ош шаарынын мурдагы казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин бир тууган агасы Махамматраим Сарыбаевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана жакындарына Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Көңүл айтуу тексти:
Урматтуу Убайдулла ажы!
Алла Таала адам баласын жаратып, өмүр берип, убактысы келгенде Өзүнө алат эмеспи. Бул жашоо – убактылуу аялдама, ал эми түбөлүк жашоо акыретте. Агаңыздын бул дүйнөдөн өткөндүгү сиздерге гана эмес, жалпы биз үчүн оор жоготуу болду. Сиздердин кайгыңыздарга ортоктошпуз. Алла Таала маркумду Өз ырайымына алып, бейишинен орун берип, жаткан жерин жарык, кабырын бейиш бакчаларынан кылсын. Ошондой эле сиздерге сабырдуулук, бекемдик жана жүрөктөрүңүздөргө тынчтык берсин.
“Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156). “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбийа, 35).
Маркумдун артында калган бир туугандарына, балдарына, жакындарына жана жалпы үй-бүлөсүнө Алладан сабыр тилейм. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров
Маркум тууралуу: Махамматраим Сарыбаев диний тармакта көп жылдардан бери ак кызмат кылып келген. Ош шаарына караштуу Усман Зиннурайн атындагы «Карыбек» жума мечитинде имам-хатибдик кылган.