Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 25.09.2025
  • |

Азирети Муфтий иш сапар менен Катар мамлекетине барды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров иш сапары менен Катар мамлекетине барды. Иш сапар алкагында төрага жана муфтий Катар мамлекетинин Вакф жана Ислам иштери министри Ганем бин Шахин бин Ганем Аль-Ганим мырза менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосунда дин тармагында кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Иш сапар алкагында шейх Абдулла бин Зайд аль-Махмуд атындагы Ислам маданий борбору жана Катар Университетине зыярат кылынды. Анын алкагында академиялык алмашуу программасы, имамдардын жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. 

Расмий сапардын жүрүшүндө дагы бир катар маанилүү жолугушуулардын уюштурулушу күтүлүүдө. Бул сапардын максаты Кыргызстан жана Катардын ортосундагы дин тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө жана эки өлкөнүн руханий байланыштарын тереңдетүү болуп саналат.