Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 02.10.2025
  • |

Азирети Муфтий иш сапары менен Ош облусуна барды

Бүгүн, 2-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар Ош облусуна иш сапары менен барышты. Иш сапар алкагында Ош облустук мусулмандарынын казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, "Имам ат-Термизий" мечитинде өткөрүлгөн "Мавлид ан-Набий" аземине катышты. 

Мавлид иш-чарасына Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдыманап кары Масалиев, Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев, КМДБнын диний агартуу, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематилла ажы Жээнбеков, Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун казысы Султанали ажы Гапуров, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Анасхан ажы Ташхужаев, Ош облустук администрациясынын өкүлү Хамидулла Исмаилов, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, ОшМУнун теология факультетинин деканы Ниязалы ажы Арипов, дин аалымдары Умарали ажы Бекмуратов, Убайдулла ажы Сарыбаев, Тилебалды ажы Курбанов, Рахматулла ажы Касымов жана Имамназар кары Атаназаровдор жана Ош облусундагы ДОЖ мүдүрлөрү, райондун баш имам-хатибдери, ошондой эле айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдери катышты. 

Белгилүү карылар тарабынан мавлид окулган аземдин жүрүшүндө Азирети Муфтий пайгамбарыбызды (с.а.в.) сүйүү боюнча сөз сүйлөп, эл-журттун биримдиги жана Мекендин бүтүндүгү үчүн дуба кылды.