«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында белгилүү диний аалым, экс-муфтий, маркум Чубак ажы Жалиловдун кабырын зыярат кылып, рухуна багыштап Куран тилават кылды.
Зыярат алкагында экс-муфтий Чубак ажыга багышталып дуба кылынып, үлкөн кыргыз аалымынын дин исламга кылган эмгектери эскерилди.
Жалилов Чубак Тажибаевич – өмүр баяны
Чубак ажы Жалилов 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү болгон. «Азирети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам университетин аяктаган. Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.
Сауд Аравия өлкөсүндөгү дүйнөгө таанымал «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтун бүтүрүп, андан соң шарият факультетинен шарият жана усул боюнча бакалавр даражасына ээ болгон.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинен теология боюнча магистр болгон. Ошондой эле Кыргызстан эл аралык университетинде илимин дагы да өркүндөтүп, докторлук диссертациясын жактаганы айтылат.
Эмгек жолу:
1995-1998 ж.ж. — Кыргыз Улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
2005-2007 ж.ж — Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
2008-2010 ж.ж — Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан Ислам университетинде окутуучусу;
2010-2012 ж.ж — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи;
2014-2020-жылдын июнь айына чейин эки чакырылышта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк сунний Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп тандалган.
Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөп, эл сүйүп окуган бир нече китептердин автору болгон.
Экс-муфтий Чубак ажы эл кыдырып, суроо-жооп форматында насаат кылганы менен белгилүү.
Маркум аалым 2020-жылы «кара июлда», тагыраагы 11-июлда дүйнөдөн кайткан. Ал өзү төрөлүп-өскөн Бай-Мундуз айылында апасынын жанына жерге берилген.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында КР Президенти Садыр Жапаров диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры ардактуу наамын ыйгарууну сунуштаган.