Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 16.10.2025
  • |

Азирети Муфтий Нарын шаарынын борбордук мечитинин курулушуна капсула салды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусуна жасаган иш-сапарынын алкагында Нарын шаардык борбордук мечитинин курулушуна старт берип, капсула салуу иш-чарасына катышты.

Ыйык Куран окуу менен башталган иш-чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Нарын шаар мэри Жайнак Немат уулу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, КМ АК төрагасы Замир кары Ракиев, АК мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов, диний кызматкерлер жана калаа тургундары катышты. 

Иш-чарада ардактуу коноктор куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, 5000 орундуу мечиттин мезгил кутусуна кол тамгаларын калтырышты. Андан соң Азирети Муфтийдин дубасы менен капсула салынып, курулушка расмий старт берилди.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Нарын элине жана демөөрчүлүк кылып жаткан тараптарга ыраазычылык айтылып, баталар берилип, башталып жаткан ишке ийгилик каалап дуба кылынды.

Маалымат иретинде айта кетсек, 2 га жерди Нарын шаарынын тургуну Айбек Монолов сатып алып, казыяттын балансына өткөзүп берген. Бул мечит Нарын облусу боюнча эн чоң мечиттердин бири болмокчу.

Нарын шаардык борбордук мечити тууралуу:

Жалпы аянты 3834 м2
Сыйымдуулугу 4790
Курулуш иштеринин башталышы: 2025-жылдын октябрь айы
Курулуш ишинин аякташы: 2026-жылдын октябрь айы

Мечит 2 кабаттан турат (жер төлөсүн эске албаганда).

Жер төлөдө кампа, жуунучу жай, кийим сактагыч, холл, техникалык бөлмөлөр, окуу канаалары, китепкана, балдар бөлмөсү, аялдар үчүн намаз окулчу жай ж.б. 

1-кабатта намаз окулчу негизги бөлүк, кабылдама, холл, ашкана, окуу канаалары.

2-кабатта намаз окулчу бөлүк, кабинет, окуу залы.