Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Чүй облусунун Кемин районуна болгон сапарында Шабдан баатырдын кабырын зыярат кылып, арбагына багыштап Куран түшүрдү.
«Оор кезеңдерде эл-журтка, Мекенге жана динге опол тоодой салым кошкон Шабдан баатырды эскерип, рухуна Куран окуп жатабыз. Ал өз кезегинде диний илимге абдан катуу маани берип, Казандан аалымдарды алдырган. Пайгамбар жашынан ашканда ажылыкка барып, пайгамбардын кабырын зыярат кылып, Каабатулланы таваф кылган. Ал үммөт биримдигин камсыздоочу Хижаз темир жолунун курулушуна өз жанынан чоң салым кошкон көрөгөч инсан болгон», – деди Азирети Муфтий Куран окутуу саамалыгында сүйлөп жатып.
Айта кетсек, аталган иш-чара Шабдан баатырдын урпактары тарабынан өткөрүлүп, баатыр эскерилди.
Шабдан баатыр тууралуу:
Шабдан Жантай уулу 1839-жылы Чүй өрөөнүндө туулган. Ал белгилүү манап Жантай хандын уулу. Шабдан баатыр жаш кезинен эле саясий турмушка аралашып, 19-кылымдын экинчи жарымындагы урунттуу окуяларга катышкан. Кылган бир топ эмгектери жана эрдиктери үчүн Орус падышалыгынан сыйлыктарды алып турган.
1909-жылы Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган ал калкты агартууга чоң аракеттерди көргөн. 65 жашында зыяратка Меккеге барган Шабдан баатыр Стамбулда турганда Дамаск шаарынан Медина шаарына темир жол салынып жатканын угуп, 2 500 алтын теңгесин (бүгүнкү күндө болжолдуу 3 млн долларга жакын каражат) кошумчалайт. Кийин бул кайрымдуулук иши үчүн Осмон султаны Абдулхамид II тарабынан алтын медаль менен сыйланган.
Баатырдын эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасында орнотулган.